homemailsitemap

Submit to FacebookSubmit to Google BookmarksSubmit to TwitterSubmit to OdnoklassnikiSubmit to Vkcom
 
 

kenesh1


“Кыргыз Республикасында адам укуктары менен болгон кырдаал жөнүндө” темага Өкмөттүк күндүн суроолорунун тизмеси
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары – Өкмөт) балдардын туулгандыгын каттоо жана документтештирүү көйгөйлөрүн чечүү үчүн кандай чараларды карап жатат?
2) Документ албаган жарандардын саны жөнүндө маалыматтар Өкмөттө барбы?
3) “Дайынсыз”, башкача айтканда инсандыгын ырастоочу документтери жок адамдардын көйгөйлөрүн табуу жана чечүү боюнча программалар барбы?
4) Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече маалыматтар жөнүндө маалымат 2015-жылдын 1-январына карата абал боюнча актуалдуу экендигине Өкмөт кепилдик береби?
5) Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутумундагы Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жекече маалыматтар интеграцияланганбы?
6) Мамлекеттеги белгиленген инфляцияны эсепке алуу менен бөбөктүн жашоо минимумуна багытталган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөкпул өлчөмүн көбөйтүү үчүн Өкмөт тарабынан кандай чаралар көрүлүп жатат?
7) Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүкчөлөрүнүн милдеттик жүгүн талдоо жүргүзүү жана социалдык кызматтарды каржылоонун стандарттарын бекитүү жана муну эске алуу менен балдарды коргоо ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүкчөлөрүндө кызматкерлерди ресурстук камсыз кылууну, алардын эмгек акыларынын өлчөмдөрүн кайра кароо жана аларга жүйө түзүү болжолдонуудабы?
8) Өкмөт тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги милдеттерине турмуштук оор кырдаалда калган балдар менен үй-бүлөлөрдү табуу жана алардын муктаждыктары менен керектөөлөрүнө алгачкы баа берүү маселелерин киргизүү боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат?
9) Өкмөт тарабынан зомбулуктун ар кандай формаларына дуушар болгон балдарды алгачкы (башталыш) стадияда табуунун жана ал балдарга кийин укуктук, медициналык, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүүнүн кандай чаралары көрүлүүдө?
10) Зомбулукка дуушар болгон балдарды коргоо боюнча жооптуу мамлекеттик ведомстволорду координациялоо кандайча камсыз кылынууда жана турмуштук оор кырдаалдагы балдарды коргоо боюнча жооптуу мамлекеттик органдарды координациялоону өркүндөтүү боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?
11) Кылмыштардын курмандыгы болгон балдарды жана күбө балдарды коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарында кандай атайын жол-жоболор каралган жана буга байланыштуу мындай коргоону иш жүзүндө камсыз кылуу үчүн институттук мүмкүнчүлүктөр барбы?
12) Жашаган/жүргөн жери боюнча, анын ичинде ички мигранттардын балдарын туулгандыгын каттоонун жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү боюнча Өкмөт тарабынан кандай чаралар көрүлүүдө?
13) Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн иштегендердин санынын 5 пайызынан кем эмес өлчөмдө жумушчу орундарга квота берүү боюнча ченемдерди иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 314-статьясынын талаптарын аткаруу үчүн чаралар көрүлүп жатабы?
14) Бөбөктүн укуктарын коргоо боюнча Өкмөт тарабынан кандай иш жүргүзүлүп жатат?
15) Майып аялдарга зомбулук көрсөтүүнүн изилдөөлөрү жүргүзүлгөнбү жана сотко канча майып аял кайрылган жана алардын кайрылуулары кандай чечилген?
16) Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын саны канча?
17) Түзүлгөн бош орундар жөнүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар кандайча билет?
18) Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарда атайын вакансиялар барбы, алар кандай ченемдер менен жөнгө салынат?
19) Республика боюнча мектепке чейинки билим берүүгө камтылбаган балдардын сандык катышы кандай?
20) Республиканын окуучуларынын бардык класстар боюнча окуу китептери менен камсыз болгондугу жана талап кылынган окуу адабиятынын саны?
21) Республиканын балдар бакчаларынын жана мектептеринин тамак-аш менен камсыз болуусу кандай?
22) Кыргыз Республикасынын балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн социалдык турак жай менен камсыз кылуу кандай?
23) “Балыкчы” ААКсынын мурдагы төрагасы Д.С.Догочиевдин 2011-2013-жылдарда Балык чарбасы департаментиндеги “өлүк жандарга” эмгек акы төлөп берүү фактыларынын иши боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан текшерүүнүн материалдары боюнча тергөө кандай жүрүп жатат?
24) Арыздардагы фактылар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин алкагында каралууга тийиш экендигине карабастан эмгек жамааттарынын карапайым мүчөлөрүнүн көп сандаган арыздарына байланыштуу сотко кайрылуу сунушу менен жазылган жоопторго чектелип калгандыгы эмнеге байланыштуу?
25) Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан анын ишин текшерүүнүн материалдары боюнча Д.С.Догочиевге карата көрүлгөн чаралар боюнча биротоло корутунду эмне үчүн жок?
26) Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын пенсиясынын өлчөмү жана адамдардын ден соолугунун абалы боюнча пенсиясынын абалы жогорулатылабы, аларды качан жана кандай түрдө жогорулатышат?
27) 2015-жылга пенсияларды жана жөлөкпулдарды жогорулатуу маселелери кандай?
28) Россия Федерациясынын кара тизмесине түшүп калган биздин жарандардын (студенттердин) маселелери кандай чечилүүдө?
29) Балдарга карата дене-бой жазаларынын ар кандай түрлөрүнө тыюу салуу жана эрезеге жеткендердин арасында балдарды тарбиялоонун оң, күч колдонбогон усулдарын пропагандалоо үчүн Өкмөт тарабынан кандай чаралар көрүлүп жатат?
30) Изин суутпай издөө ишин, териштирүүнү жана тергөөнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамиле жасоонун жана жазалардын түрлөрүн болтурбоо жана алдын алуу боюнча Өкмөт кандай чараларды көрүп жатат?
31) Эмне үчүн Өкмөт балдарды менчик балдар үйлөрүндө багууну ачууга уруксат берет, аларда балдардын тагдыры балдар үйлөрүнүн администрациясынын ак-ниеттигине көз каранды болот. Бул балдардын укуктарын бузуу эмеспи? Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык “”. Эмне үчүн Өкмөт менчик балдар үйлөрүн үй-бүлөлүк балдар үйлөрүнө же фостердик үй-бүлөлөргө кайра каттонун үстүндө иштебейт?

http://www.kenesh.kg/Pages/ViewNews.aspx?id=285&NewsID=20791


 
 

Голосование

Достаточно ли хорошо защищают права человека в КР?

 
 
  • partner1.jpg
  • partner2.jpg
  • partner3.jpg
  • partner4.jpg
  • partner5.jpg
  • partner6.jpg
  • partner7.jpg
  • partner8.jpg
  • partner9.jpg
  • partner10.jpg
 
 

Контакты

Адрес:
720022,
г. Бишкек, пр. Чуй, 114,
каб. 302 (3 этаж)
Тел./факс: (+996 312) 665396

График работы

Иш күндөрү: дүйшөмбү – жума 
Дем-алуукүндөрү: ишенби, жекшемби 
Иш убактысы:  08:30 – 17:30

Рейтинг@Mail.ru